Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Сургуттагы жарылуудан жабыркагандардын үчөө — кыргызстандык

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 630 | 0

Орусиянын Сургут шаарында болгон жарылуудан Кыргызстандын үч жараны да жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыркагандардан кабар алганын, абалы орто экенин маалымдашты. Учурда алар Сургут шаардык ооруканасынын күйүк борборунда дарыланып жатышат.

Айта кетсек, кечээ, 15-декабрда Ханты-Мансы автоном округунун Сургут шаарында газ баллон жарылып, он адам жабыркаган.

Кырсык Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө автоунааларга газ жабдууларын орноткон ишканын устаканасында болгон. Жарылуудан имараттын чатыры кулап түшкөн.

Учурда бул иш боюнча аймактык тергөө комитети жана прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM