Биз менен байланышыңыз

«Иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда сөзсүз келишим болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2021 | 648 | 0

Иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда сөзсүз түрдө бири-биринин милдеттери жана укуктары жазылган кагаз болушу керек. Бул тууралуу укуктук талдоочу, отставкадагы судья Калыгул Салиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Мамлекеттик казына салык төлөөчүлөрдүн эсебинен куралат. Ар бир мамлекеттин ички дүң продукциясы да ишкерлердин эмгегинин натыйжасында болот. Бирок «Жалгыз адам талаада жоокер эмес» дегендей, ар бир ишкер өзү жалгыз кандайдыр бир натыйжаларды жарата албайт. Анын командасы, эмгек армиясы болушу керек. Эми ошол ишкер менен жумушчунун ортосунда кандай мамиле талап кылынат?

«Эмгек кодексине ылайык, эмгек келишими сөзсүз түрдө түзүлүшү керек. Тилекке каршы, көпчүлүк уюмдар эмгек келишимин түзүүдөн качышат. Кээде жумушчулар өздөрүнүн укугун билбегендиктен, иш берүүчүдөн эмгек келишимин түзүүнү талап кылбай калган учурлар да болот. Бул да өз учурунда кесепеттерге алып келет. Кандай кесепеттер? Ошол эле эки тараптын укуктары корголбой калышы мүмкүн. Ар кандай тобокелчиликтерге дуушар болушу мүмкүн. Жыйынтыктап айтканда, эки тарап укуктары менен милдеттери так, анык жазылган кагазга кол коюп алышы керек. Сөз жүзүндөгү келишим мыйзамга ылайык келбейт, экөөнүн да кызыкчылыктарына каршы келип калат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM