Биз менен байланышыңыз

АКШда инфляциянын деңгээли 6.8%дан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 300 | 0

АКШда инфляциянын деңгээли акыркы 40 жылдан бери каттала элек жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн өлкөнүн Эмгек министрлиги билдирди.

Акыркы алты ай катары менен инфляция 5%дык чекте жогорулап жүрүп отурган. Ноябрь айында инфляциянын деңгээли 6.8%дан ашканы айтылат маалыматта.

Мунун таасири күнүмдүк керектелүүчү товарларга тийүүдө. Айталы, тамак-аш, күйүүчү май, батир акы, коммуналдык кызмат, жол кире дагы башка ушул сыяктуулар бир канча пайызга кымбаттап кеткен.

АКШ президенти Жо Байден инфляцияны «ооздуктоо» аракети көрүлүп жатканын, маселен, энергетиканын наркын туруктуу чекте кармап калышканын айтат. Ошол эле учурда ал дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекет оор жагдайга кабылганын, бул коронавирус пандемиясынан келип чыккан глобалдык кризис экенин жазган.

Адистердин айтымында, инфляция менен күрөшүү борбордук банктын милдетин аткарган Федералдык резерв түзүмүнө жүктөлгөнү менен алар да көзгө толорлук аракет жасабай турушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM