Биз менен байланышыңыз

Баштапкы капиталы 100 млн сом болгон холдинг компания түзүлдү

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 521 | 0

Башкаруусун 100% мамлекет көзөмөлдөгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечим президент Садыр Жапаров ушул жылдын 29-январында кол койгон «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингин түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп саналат.

Холдинг компания Финансы министрлигинин алдында түзүлүп жатат.

Баштапкы капиталы 100 млн сом деп белгиленди. 2022-жылы бул сумманы 1 млрд сомго жеткирүү мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM