Биз менен байланышыңыз

«Кут Билимдин» окуучулары эл аралык олимпиададан III орун алды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 948 | 1

«Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин окуучуларынан турган команда информатика боюнча XIII Евразия олимпиадасында III орунду алышты. Бул тууралуу «Маралга» мектептин администрациясы кабарлады.

12-декабрь күнү Казакстандын Алматы шаарында информатика боюнча XIII Евразия олимпиадасы өткөн. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан 3 окуучу жана 1 жетекчиден турган жалпы 44 команда, 132 окуучу катышкан.

«Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин намысын төмөнкү окуучулар коргогон:

  1. Улукбеков Эржан, 11-класстын окуучусу
  2. Абдумаматов Орозбек, 11-класстын окуучусу
  3. Исмаилов Асылбек, 10-класстын окуучусу

Айта кетсек, олимпиадада Кыргызстандын «Сапат» билим берүү мекемеси I орунду алганы буга чейин маалымдалган.

«Сапаттын» окуучулары эл аралык олимпиаданын чемпиондору болду

1 пикир

1 пикир

  1. Бакай

    13.12.2021 21:36

    Абдан сонун! ушул окуучуларды даярдаган мугалимдин да атын атап койсо жакшы болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM