Биз менен байланышыңыз

Оштун Кара-Суу, Ноокат райондорунда жер титиреди

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 315 | 0

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө кечээ, 12-декабрда саат 18:22де болгон. Силкинүүнүн очогундагы күчү 3 баллга жеткен.

Ал эми Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында, Ноокат районунун Алмалык, Жатан, Үчбай айылдарында 2,5 баллды түзгөн.

Кыйроо жок, жабыркагандар катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM