Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына иш сапары менен барат. Анда бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.
Ошондой эле Дубай шаарындагы «EXPO-2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышат. Дубайдагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.
Мындан тышкары «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.