Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Валентина Шевченко Ош шаарына барды

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 288 | 0

Бүгүн, 12-декабрда UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына барды. Аны Ош аэропортунан салтанаттуу тосуп алып, андан соң маалымат жыйын өткөрүлдү.

Саат 14:30да Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолугушту.

Валентина Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат. Ал мектеп окуучулары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен да жолугат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM