Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Баткенге барды

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 377 | 0

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында алгач губернатор Абдикарим Алимбаев менен бүгүн, 11-декабрда жолугушту.

Жолугушууда облус башчысы, Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына, жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арналарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM