Биз менен байланышыңыз

Мампрактиканын студенттин келечегине тийгизген таасири талкууланды

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 689 | 0

Бүгүн, 10- декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында «ЖОЖдун студенттери үчүн мамлекеттик практиканы кесиптик компетенцияны калыптандыруунун негизи катары камсыздоо» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

И. Арабаев атындагы КМУ, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Орусиянын Архангельск башкаруу институту уюштурган жыйында студенттердин практикалык ишиндеги ийгиликтер жана кемчиликтер, мекемелердин студент-практикантка түзгөн шарты, студенттердин алган тажрыйбасынын келечегине тийгизген таасири дагы башка ушул сыяктуу бир катар маселелер каралды.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн алган билимин жыйындын катышуучуларына тажрыйба жүзүндө көрсөтүп беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM