Биз менен байланышыңыз

Сымбат Маратбек: Бардык аймакка электромобиль кубаттоочу станция курабыз (видео)

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 2987 | 0

Учурда Кыргызстанда 400дөй электромобиль бар. Биз Кыргызстандагы таксилерди жана коомдук транспортту электромобилге өткөрүү аракетин жасап жатабыз. Учурда «Намба» такси кызматы бизден 10дон ашуун электромобиль сатып алды. 2022-жылдын январь айында Кыргызстанга дагы 100дөн ашуун электромобиль алып келебиз. Андан сырткары соода борборлорунда жана башка стратегиялык имараттарда электромобилдерди кубаттоочу станцияларды куруп жатабыз. Мындай пикирин Spark электромобиль ташуучу жана сатуучу компаниянын директору Сымбат Маратбек билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-январына чейин электромобилдер үчүн бажы алымы, кошумча нарк салыгы жок болгондуктан чоң жеңилдик бар.

«Бирок 2022-жылдын 1-январынан баштап электромобилдерге бажы алымы жана 12%дык кошумча нарк салыгы киргизилет. Бул унаалардын баасынын кымбатташына алып келет. Өкмөт тарабынан мына ушул салыктарды алып салса, же кандайдыр бир жеңилдиктерди киргизсе жакшы болмок. Биз Кыргызстандын бардык аймагына электромобиль колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында электромобиль кубаттоочу станцияларды Ысык-Көлгө, Бишкекке, Жалал-Абадга курууну пландап жатабыз. Максатыбыз: электромобиль айдоочулардын Кыргызстандын бардык аймагына чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү».

Ошондой эле ал Кыргызстанга алып келинип жаткан унаалардын 90%ы эски экенин, алардын кесепетинен ар түрдүү оорулар күч алып жатканын белгилеп, Кыргызстанды экологиялык жактан зыяны жок транспортко өткөрүү жана акчаны үнөмдөө максатында электромобилдерди алып келүүнү максат кылышканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM