Кыргызстанда 11-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондорго туман түшөт. Жолдордо кар, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15;
Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында 11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +12…+14 градус жылуу.