Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Жашыл экономика-2021» форуму жана көргөзмөсү өтүүдө

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 737 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте жашыл технологиялардын жана чечимдердин Green EXPO-2021 көргөзмөсү жана Жашыл экономика форуму өтүүдө. Иш-чара салттуу «жашыл экономика» жумалыгынын алкагында уюштурулган.

Green EXPO-2021де ишкерлер Кыргызстандын рыногунда кандай «жашыл» технологиялар бар экенин жана чечимдер керектигин көрсөтүүдө. Көргөзмөгө жашыл технологияларды жана кызматтарды жеткирген компаниялардын, жашыл экономика багытында иштеген каржы институттарынын, каржылык өндүрүмдөрдү сунуштаган өнүгүү институттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Андан тышкары иш-чаранын алкагында «Бизнестин туруктуу өнүгүүсү үчүн чакырыктан мүмкүнчүлүктөргө карай» форуму да өтүп, ага жеке секторлордун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү конок катары чакырылган.

Форумда «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө болгон тоскоолдуктарды жана анын чечүү жолдорун талкуулашып, жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланууда.

Иш -чара JIA бизнес-ассоциациясы жана Агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциясы тарабынан уюштурулган. Аталган демилге Экономика жана соода министрлиги тарабынан, өнүгүү үчүн өнөктөштөр Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH, БУУнун  агентстволорунун жашыл экономика үчүн өнөктөштүгү (PAGE) жана ЕККУнун Бишкектеги офисинин колдоосу менен өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM