Биз менен байланышыңыз

Орусия: «Алтын ажатканалуу» үйү бар полковниктин дагы 21 имараты табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 2352 | 0

Пара алууга шектелип камакка алынган Орусиянын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын Ставрополь крайындагы башкармалыгынын мурдагы башчысы, полковник Алексей Сафоновго жана анын жакындарына тиешелүү дагы 21 имарат, 6 унаа табылды. Бул тууралуу Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов «РИА Новости» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Кан сарайы менен «атактуу» болгон Сафоновго жана анын жакындарына катталган дагы 21 имарат, 6 унаа табылды. Жакынкы күндөрдө айтылган мүлктү мамлекеттик кирешеге айлантуу боюнча берген доо арызыбызды сот карап чыгат», — деди Краснов.

Башкы прокурор Сафоновдун кол астында иштегендердин миллиондогон рублга бааланган активдери бар экенин кошумчалап өткөн.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын Ставрополь крайындагы башкармалыгынын башчысы Алексей Сафонов жана анын кол астында иштегендер 19 миллион рубль пара алган деген шек менен камакка алынган.

Сафонов жашаган үйдү тинтүүгө алганда, анын элде жок кан сарайда жашары, үйүнүн астанасынан тарта ажаткана, кол жууган жайына чейин алтын жалатылганы белгилүү болуп, Орусия Башкы прокуратурасы сүрөттөрүн интернетке жарыялаган. Бул  интернет колдонуучулар арасында кыйла талкуу жараткан.

Сафоновдун күнөөсү сотто далилденип, 15 жылга кесилип кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM