Биз менен байланышыңыз

Актриса Назира Мамбетовага 5 миң доллар сыйлык берилди

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 4313 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу актриса Назира Мамбетова Экономикалык Кызматташтык Уюмунун медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сыйлыкты министр Азамат Жаманкулов А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн салтанатта тапшырды.

Айта кетсек, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун XIV саммитинде «Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясына Кыргызстандан бир нече өнөр адамы сунушталып, алардын ичинен Назира Мамбетованын талапкерлиги жактырылган.

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун медалын алган адамга акчалай байге катары 5 миң доллар да кошуп берилет.

Назира Мамбетова — театр жана киноактрисасы. 1948-жылы Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган. 1972-жылы Москва театралдык искусство институтун (ГИТИС) аяктаган. Алгачкы эмгек жолу Ош кыргыз драма театрында башталган. Учурда Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенет.

Ал театр сахнасында ушул кезде да белгилүү ролдорду ойноп келет. Айталы, акыркы жылдарда эле «Актриса», «Суфлёр», «Талант жана тагдыр», «Үмүт» спектаклдеринде башкы ролдорду ойноду. Ошондой эле «Мен Тянь-Шань», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Санниковдун жери», «Дилетант» сыяктуу бир катар советтик тасмаларда ар кандай ролдорду ойногон. Садык Шер-Нияз тарткан «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасында Курманжан Датканын орто жаш курагын аткарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM