Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясына караштуу үч мекеме бириктирилет

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 438 | 0

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу үч мекеме: жер ресурстар башкармалыгы, муниципалдык мүлк башкармалыгы, «Бишкек унаа токтотуу жайлары» муниципалдык ишканасы биригип, Мүлктү башкаруу департаменти болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жер Ынтымагы конушунунун тургундарына үйлөрүнүн техникалык паспортун тапшыруу иш-чарасында маалымдады.

Жер ресурстар башкармалыгы — шаардагы жер маселесин  тескеген мекеме.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы — муниципалдык, коомдук жайларды, шаардын мүлкүн карайт.

«Бишкек унаа токтотуу жайлары» муниципалдык ишканасы — шаардагы автоунаа токтотуучу жайларды (автостоянка, парковка) көзөмөлдөйт.

Мындан улам коомчулукта «Үч башка милдетти аркалаган мекемелер бир түзүмгө кантип биригет?» деген кызыгуу пайда болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM