Жашыл экономикага өтүү үчүн биз химиядан алыс болуп, жердин асылдуулугун сактаганга аракет кылышыбыз керек. Мындай пикирин фермер Манас Саматов «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, экологиялык таза продукция өндүрүү, мүмкүн болушунча химияны колдонбоо, табиятка зыян алып келе турган технологиялардан алыс туруунун баары жашыл экономикага кирет. Анын практикалык негиздеринин бири болгон дыйканчылыкты алып көрсөк, бул — бир сөз менен айтканда отоо чөп менен күрөшүү. Ал эми отоо чөп менен күрөшүүнүн альтернативдүү жолдору бар: биринчиси химиялык жол менен жоготсо болот, экинчи жолу жөнөкөй эле механизация.
«Механизациянын эмнеси жакшы? Бул — таза ыкма, отоо чөптөрдү майдалап жок кылсак болот. Ошол эле отоо чөптөрдү жер үчүн табигый жер семирткичтер катары пайдалансак болот. Бул — айыл чарба өндүрүшүндө кеңири белгилүү ыкма. Ошентип биз мүмкүн болушунча химиядан алыс болушубуз керек», — дейт фермер.
Жашыл экономикага жердин асылдуулугун сактоо дагы кирет. Фермер бул жагдайды оорлоткон бир факторду атап кетти. Айтымында, Чүйдө көпчүлүгү жерди арендага алып иштетет.
«Арендага алган киши, эгерде 1-2 жылга алса, ал жердин жанын сууруп кетишке аракет кылат экен да, жердин асылдуулугуна көңүл бурбай коет экен. Аябай көп көлөмдө химияны иштетип, минералдык жер семирткичтерди иштетип, жогорку түшүмдү алат да, ал жерди таштап кетет. Ошон үчүн биз келечекте жерди менчиктештирүүнүн кийинки этабын өздөштүрүшүбүз керек», — дейт Саматов.