Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен баарлашты

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 335 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кездешти.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздук мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, алдыда дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдады.

Ал эми Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин белгиледи.

Андан соң тараптар энергетика, айыл чарба жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Казакстандын президентинен кыргыз жарандары үчүн чек араларды ачууну өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM