Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик салык кызматы 350 планшет сатып алат

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 616 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 350 планшет сатып алуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыялады.

Тендер 7-декабрда жарыяланган, 15-декабрга чейин арыздар кабыл алынат. Планшет сатып алуунун баштапкы суммасы 17 млн 500 миң сом деп көрсөтүлгөн. Аны келишим түзгөн компания 40 күндүн ичинде алып келүүгө тийиш.

Мамлекеттик салык кызматы планшеттер салыктык текшерүүлөрдү жүргүзгөн аймактык органдардын кызматкерлерине керектелерин маалымдады. Алар билдиргендей, бул «Ишкердик субъекттердин жайгашуусунун санариптик картасы» жана «СМАРТ Салым» долбоорлорунун алкагында ишке ашырылат.

Ошондой эле планшеттердин алынышы менен маалымат издөө иштери жеңилдеп, кагаз толтурууга кеткен убакыт үнөмдөлөрүн, анүчүн «Салыкты электрондук көзөмөлдөө» системасы иштелип чыкканын, анда рейд жүргүзүүгө зарыл болгон база жайгашарын айткан Мамлекеттик салык кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмү төмөнкү талаптарды кошумчалап өттү:

«Бул жол-жобону техникалык жактан ишке ашыруу үчүн планшеттерде видеокамералар, электрондук паспортторду жана смарт-карталарды окугуч, аутентификациянын биометрикалык системасы, электрондук калем (планшет үчүн калем), кол боосу жана наушниктер үчүн уяча, USB, microHDMI, ошондой эле зымсыз коммуникациялардын (Wi-Fi, 3G, 4G) функциялары болушу керек». 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM