Биз менен байланышыңыз

11-декабрда китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 323 | 0

«Оку» долбоорунун алкагында жыл сайын уюштурулуп келген китеп окуу сынагынын бул жолку жеңүүчүлөрү 11-декабрда сыйланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Жети жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келаткан сынактын сыйлоо салтанаты А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында саат 11:00дө болот. Ага жеңүүчүлөрдөн сырткары бир катар окуу жайлардын жетекчилери, маданият, адабият ишмерлери, дагы башка көптөгөн адамдар катышат.

Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын, «Ыйык Ата журт» коомдук фондунун, «Секом» билим берүү жана өнүктүрүү борборунун колдоосу астында өткөзүлгөн.

Айта кетсек, бул жылкы сынакка америкалык жазуучу Тара Вестовердин «Окуучу кыз» мемуардык чыгармасы,  Тимоти Уолкердин «Финдердей окуталы» илимий изилдөө баяны, Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести берилген. Алынган маалыматка ылайык, «Окуучу кыз» жана «Финдердей окуталы» китебин окуп, биринчи орун алган окурман 30 миң, экинчи орун алган окурман 20 миң, үчүнчү орун алган окурман 10 миң сомдон акчалай байгеге ээ болушат. Ал эми «Эрте келген турналар» китебинен сынак тапшырып, биринчи орун алган окурманга 20 миң, экинчи орун алган окурманга 15 миң, үчүнчү орун алган окурманга 10 миң сомдон берилет.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 0703-622-053 телефон номерине байланышсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM