Биз менен байланышыңыз

9-декабрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 175 | 0
Сүрөт: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 9-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Бишкекте 9-декабрда түнкүсүн жана эртең менен бир кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM