Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Казакстан ИИМинин ыкчам башкаруу борборуна барды (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 254 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Казакстан Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборуна барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Казак тарап маалымдагандай, ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаал келип чыккан учурда жана аны чечүүдө зарыл болгон маалыматты кабыл алуу, каттоого алуу жана аны талдоону автоматташтыруу болуп саналат.

Мекеменин иш процессине жогорку технологиялык жана жогорку интеллектуалдык чечимдер киргизилген, ал эми программалык камсыздоо — адистердин эксклюзивдүү иштеп чыгуусу.

Бул тутумдун жардамы менен жалпы укук бузуулардын 60%ы аныкталып, ошондой эле 33 миңден ашуун укук бузуулар катталган.

«Акыркы убакта биз жарандардын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү санариптештирүү жана башка заманбап ыкмалар аркылуу чечүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Аталган борбор ар бир тургун өзүн толук коопсуз сезиши үчүн олуттуу инструмент болуп саналат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM