Биз менен байланышыңыз

Акыл Кемелов «Кумтөрдүн» отчёт берүүсүн талап кылды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 340 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов «Кумтөр» алтын кени сырткы башкарууга өткөндөн кийин кандай иш алып барып жатканы боюнча парламентке отчёт берүүсүн талап кылды.

Анын айтымында, «Кумтөр»  атамекендик аткаруучу компаниялар менен болгон келишимдерин токтотуп, казакстандык жана түркиялык компаниялар менен келишим түзүп жатат.

Ошондой эле ал «Кумтөрдө» иштеген жергиликтүү тургундарды жумуштан кетирип, кадрдык башаламандык болуп жатканын белгиледи.

Бир канча жолу маалымат берүүсүн талап кылганын, бирок алар качып жатышканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM