Биз менен байланышыңыз

Ибраев депутаттарды «Финтех» боюнча мыйзамды кабыл алып берүүгө чакырды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 313 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Самат Ибраев 6 айдан бери палатада талаш-тартыш болгон «Бишкек эл аралык финансылык борбор» аттуу мыйзамын Өкмөттүн сайты коомдук талкууга койгонун кабарлады.

Анын айтымында, аталган мыйзамдын негизинде «Финтех» долбоору киргизилген.

«Урматтуу Аида Камчыбековна, мен сизден суранат элем. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өз ишин бүткүчөктү мыйзамды кабыл алууга толук күчүбүздү жумшасак», — деди Ибраев.

Ибраев ошондой эле «Бишкек эл аралык финансылык борборун» түзүү кыргыз экономикасын модернизациялоодогу негизги долбоор экенин белгилеп, өлкөнүн каржылык кубатын арттыруу үчүн «Финтех жөнүндө» мыйзам кабыл алынышы керектигин айтты.

Финтех долбоору банк системасын санариптешип, пенсиялык системаны реформалоого жана улуттук валюта курсун турукташтырууну максат кыла турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM