Биз менен байланышыңыз

Мадеминов: Каржы тармагында терс көрүнүштөр болсо, ага Самат Ибраев күнөөлүү

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 711 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Владимир Фроловдун Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн айтып, анын ким экендигин жана Кыргызстанга кандай максатта келгенин УКМКнын териштирүүсүн сунуштап, Орусияга өтүнмө жиберүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал жакынкы убакта каржы тармагында терс көрүнүштөр боло турган болсо, ага депутат Самат Ибраев күнөөлүү боло тургандыгын кошумчалады.

«Акыркы 2-3 айдын ичинде Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде биздин депутат Самат Ибраев тарабынан каралоо жүргүзүлдү. Мен аны айтпай койсом болбойт. Ибраевдин үйүндө Орусиядан келген Владимир Фролов деген жашап жүрдү. Сырттан келген Фролов буга кандай маалымат берди, биздин УКМК текшерсин. Ал кандай киши? Эртең Кыргызстандын банк тармагында, финансы тармагында терс көрүнүштөр байкалса, депутат Ибраев күнөөлүү. УКМК Орусияга өтүнмө жиберсин. Фролов деген ким, Кыргызстанга кандай максатта келди, эмне үчүн Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүрдү?».

Кошумчалай кетсек, депутат Самат Ибраев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бай жана бактылуу Кыргызстан» аталышындагы концепция иштеп чыккан. Анын негизги бөлүмү каржы секторун терең реформалоого багытталган. Буга чейин аталган концепцияны ишке ашыруу сунушу депутат Самат Ибраевден түшкөнүн орусиялык ишкер Владимир Фролов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазган.

Сөз болуп жаткан Владимир Фроловдун аты Орусиядагы«Номос» банк менен байланышкан. «Номос» банк көп жылдан бери «Кумтөрдөн» алтын алып жүргөн. Фролов тууралуу орусиялык басылмалар «шылуундукка» байланыштуу бир канча макала чыгарган. Анда анын Орусиядагы бир канча банкты банкрот кылууга тиешеси бар деп айтылат.

Жеенчороев: Фроловду Кыргызстанга алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар

Copyright © 2017 Maral FM