Биз менен байланышыңыз

Жеенчороев: Фроловду Кыргызстанга алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 2561 | 0

Жогорку деңгээлдеги адис, банк системасын мыкты түшүнгөн Толкунбек Абдыгуловго чоң чабуул жасалды. Биз ага кайдыгер мамиле кылып койдук. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев билдирди.

Анын айтымында, ага чабуул жасаган шылуундар Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуп, президент Садыр Жапаровдун атын жамынып алып иш жүргүзүштү.

«Урматтуу кесиптештер, тилекке каршы биз акыркы бир айда, тарбиясы бар, интелигент адамга «уяты жоктор» тарабынан чоң чабуул жасалгандыгына күбө болдук. Биз ага кайдыгер карадык. Шылуундар тарабынан, кара пиар менен алектенгендер Владимир Фроловдун атын айтып жатышат. Анын аты «Номос» банк менен байланышкан. Анарбек мырза, (Калматов) буга көңүл буруп койсоңуздар. «Номос» банк көп жылдан бери «Кумтөрдөн» алтын алып жүргөн. Ал «Северная казна» деген банкты банкрот кылып, болгону бир унаанын баасын салганын, анын кайра жаңы банк ачканына таң калып отургандарын «Коммерсант.ру» сайты жазды. Ал өтө шектүү кадр. Кыргызстан эмне ар кандай көз боемочулардын жери болуп калдыбы? Аны Кыргызстанга алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Аркасынан Улуттук банкты күнөөлөп жатышат. Бирок, ошол айткан инсандар өздөрү бүгүн Бишкек шаарында ондогон жарандарды ыйлатып жүрөт. Мына ошол алдамчылар Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуп, президент Садыр Жапаровдун атын жамынып алып иш жүргүзүшүүдө», — деди Жеенчороев.

Кошумчалай кетсек, депутат Самат Ибраев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бай жана бактылуу Кыргызстан» аталышындагы концепция иштелип чыккан. Анын негизги бөлүмү каржы секторун терең реформалоого багытталган. Буга чейин аталган концепцияны ишке ашыруу сунушу депутат Самат Ибраевден түшкөнүн Владимир Фролов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазган.

Copyright © 2017 Maral FM