Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Салык кодексин жазгандарды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керек

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 529 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын 2-декабрдагы жыйынында Салык кодексинин долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында депутат Самат Ибраев Салык кодекси экономиканын бар же жок экенин аныктай турганын, 2009-жылдагы Салык кодексин жазганга 3 млн доллар кеткенин, Экономика жана коммерция министрлиги азыр бир тыйын кетирбей жазганын белгиледи. Ошол эле учурда ал эгерде кодекс абдан жакшы жазылган болсо, министрликтин жетекчилерин мамлекеттик сыйлыкка сөзсүз түрдө көрсөтүү керек деген оюн билдирди.

Ошондой эле ал: «Салык кодексинин кайсы жактары менен мактанууга болот?» — деген суроо салды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев мындайча жооп берди:

«Кыскача айтканда, өзүңүз белгилегендей өзүбүздүн ишкерлер, мамлекеттик органдын кызматкерлери жана эксперттер менен биргеликте жазып чыктык. Башка бир жактан эксперттерди тартып келбедик. Дүйнөлүк тажрыйбадан эң жакшы дегендерин гана киргиздик, оорчулук жарата тургандарды алып салдык. Жалпы түшүнүктүү эки режимди киргизип бердик. Бири, чоң компаниялар үчүн жалпы режим, экинчиси, жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салыктык режим. Андан сырткары жалпы жарандык көзөмөл болсун деп, «кэшбэк» деген механизмди киргиздик. Андан сырткары да көп жакшы нерсе бар», — деди Алиев .

Copyright © 2017 Maral FM