Биз менен байланышыңыз

Президент: Телерадио кызматкерлеринин кесиптик орду өтө бийик

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 428 | 0

Бүгүн, 8-декабрь — телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу өз куттуктоосун жолдоду.

Өлкө башчысы өз куттуктоосунда телерадио кызматкерлери аркалаган кесиптин орду бийик экенин, коомдогу окуяларды чебер чагылдыруу бир топ эмгекти талап кыларын баса белгилеп өткөн.

«Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде cиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик. Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин. Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда», — деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутта калтырбоо керектигин айтып, аларсыз сапаттуу материал чыкпасына токтолуп өткөн. Мындан тышкары бир катар каалоо-тилектерин жолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM