Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Кол санак 100% серверге киргизилди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 344 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу кол санактын жыйынтыгы 100% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Серверден көрүнүп тургандай, шайлоодо талапкер көрсөткөн 21 партиянын алтоо 5%дык босогодон өткөн.

  1. «Ата Журт Кыргызстан» — 17,30% (223 миң 892 добуш);
  2. «Ишеним» — 13,63% (176 миң 382 добуш);
  3. «Ынтымак» — 10,99% (142 миң 267 добуш);
  4. «Альянс» — 8,34% (107 миң 859 добуш);
  5. «Бүтүн Кыргызстан» — 7,04% (91 миң 111 добуш);
  6. «Ыйман Нуру» — 6,15% (79 миң 557 добуш).

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM