Биз менен байланышыңыз

«Уулумдан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылгам»

Коом | 4 Дек 2021 | 477 | 0

Бишкек шаарынын тургуну Рафаиль Абраимов учурда 62 жашта. Ал онкологиялык оор дартка чалдыккан. Дарылануу үчүн колунда бар баалуу буюмдарын, мүлктөрүн сатып түгөткөн. Азыркы тапта дайыма алып турушу зарыл болгон дарыларга каражаты жоктугун айтат. Мындан улам Рафаиль Абраимов өзүнүн уулунан «жумушка жарамсыз ата-энеге алимент өндүрүү» үчүн сотко кайрылууну чечкен.

«Мен алгач 1300 сом менен пенсияга чыккам, кийинчерээк дагы 300 сомдой кошулду. Анткени мен мамлекеттик жумушта аз эле иштеп, 90-жылдардан кийин жеке ишкерлик менен алектенгем. Азыркы тапта оорулуу болуп, ишке жарамсызмын. Мындан улам уулумдан «жумушка жарамсыз ата-энеге алимент өндүрүү» үчүн сотко кайрылууга аргасыз болдум. Уулум апасы менен өзүнчө турат. Мен жалгыз жашайм. Кымбат баадагы дарыларга айына 14 миң сомдой керектелет. Бирок менде азыр кышкысын үйдөгү жылуулук жана күнүмдүк тамак-аш, гигиеналык каражаттарга да акча жок. Ал эми уулума түз кайрылганымда, ал акчадан каралашам деп убада кылып, бирок өзү адвокат экенине карабай, сөзүнө турган жок».

Абраимов жеке менчик юридикалык кеңселерге кайрылганда, сотко арыз берүүчү бланкты толтуруу үчүн эле 1500 сом сураган. Ал акысыз укуктук жардамга муктаж болгондуктан тааныштарынын сунушу менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) борборуна кайрылган.

«Мага тааныштарым акысыз юридикалык жардам көрсөткөн борборлор бар экенин айтышты. Ал кезде офиси Юстиция министрлигиндеги чакан бир бөлмөдө болчу. Мени жылуу кабыл алышып, мага юристти сунушташты. Адвокат дароо менин ишим боюнча сотко арыз жазып, ишти баштады».

Сот Абраимовдун уулунан айына 20 миң сом алимент өндүрүү боюнча арызын толук канааттандырбай, 4 миң сом гана чегерген. Абраимовдун жактоочусу Нурсултан Утегенов сот болбоду дегенде 10 миң сом чегерет деп күткөн. Жактоочу Утегонов муну адилетсиз чечим деп эсептеп, эми соттун чечимин кайра карап чыгуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылууга камынып жатышат.

«Биз сотко кайрадан арыз жазабыз. Ошондой эле доогердин акчага муктаж экени боюнча да керектүү документтерди кошумча топтойбуз. Бизде чыгыш элинде карыган, жардамга муктаж ата-энесине каралашуу салты бар. Ошол эле учурда мыйзамда да ишке жарамсыз ата-энеге балдары алимент төлөөгө милдеттүү экени так көрсөтүлгөн».

Дагы бир каарманыбыз Адилет Айтбаевдин (аты-жөнү өзгөртүлдү) кызы ооруканадан каза тапкан. Баланын күйүтү менен жүрүп, кызынын каза болгону тууралуу документтерин топтоого көңүл бурган эмес. Кийинчерээк документ эсине түшүп, дарыгерге барган. Ал өлүкканага, өлүккана дагы бир башка жерге жиберип, айтор, убара кылышкан. Адилет аягында сотко берүүгө аргасыз болуп, көмөк алуу үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборуна кайрылган.

Бишкек шаарынын тургуну Бурулкан апа да Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борбору тууралуу маалыматты тааныштарынан уккан. Ал жолдошу менен 20 жыл мурун турак жай сатып алып, үйдүн ээси менен «ишеним кат» аркылуу келишим түзгөн. Бирок эки жылдан кийин үйдү саткан жаран Кыргызстандан көчүп кеткен. Ал ортодо Бурулкан апанын абышкасынын да көзү өтүп кеткен. Натыйжада турак жайдын документтерин өзүнө каттатуу иши татаалдашкан. Адвокат жалдаганга каражаты жетпегендиктен, акысыз жардам алуу максатында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборуна кайрылган.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрү БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда акыркы жылдары бир топ жаңыланган. Айрыкча адвокаттарга төлөнүүчү маянанын көбөйүүсү, жаңы заманбап кеңеселер калктын аялуу катмарына юридикалык акысыз кызмат көрсөтүүнүн сапатын өстүрүүдө.

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп жатсаңыз, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунa кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет. Даректери бул шилтемеде: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get

Ошондой эле Кыргызстан боюнча 31 Акысыз юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get сайтынан тапсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM