Биз менен байланышыңыз

«Кыргызтелеком» IT-коворкинг долбоорунун үстүндө иштеп жатат

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 235 | 0

«Кыргызтелеком» улуттук байланыш оператору IT-кластер, IT-ачык мейкиндик (open space), IT-коворкинг долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Бүгүн, 7-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иштин жүрүшү менен таанышып кайтты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө санариптик технологияларды киргизүү менен мамлекеттик жана социалдык милдеттерди чечүүгө басым жасалып жатканын, бул «Кыргызтелеком» үчүн олуттуу сыноо экенин белгиледи.

«Кыргызтелекомдун» төрагасы Данияр Косумбаев компанияны өнүктүрүү максатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, ишкананын карыздарын кыскартып, каржылык абалын жөнгө салуу, анүчүн дебиторлор менен иштешүү, кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү, жаңы абоненттерди тартуу, кардарлардын санын арттыруу үчүн байланыш тармактарын оңдоодон өткөрүү, жабдууларды жаңыртуу сыяктуу чечимдер каралып жатат.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров компаниянын жетекчилигине IT-долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM