Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөртүлдү (тизме)

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 993 | 0

Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

-Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова;

-Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил;

-Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер;

-АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору Фред Хьюстон.

Ошондой эле Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:

-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;

-Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев;

-Энергетика министри Доскул Бекмурзаев;

-Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ;

-Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков;

-Евразия өнүктүрүү банкынын директору Нурлан Акматов.

Кеңештин курамын башкы катчынын сунушу боюнча президент бекитет. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Аталган кеңеш үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM