Биз менен байланышыңыз

УКМК Акбөкөн Таштанбековго кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 279 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №30 Ысык-Ата округунан талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын берген маалыматы боюнча айтсак, талапкер Акбөкөн Таштанбеков үгүт жүргүзүп жүргөн маалда социалдык тармактарга видеотасма жарыяланган. Анда талапкердин улуттар аралык, аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасаганы ачык көрүнүп калган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) каралган белгилер боюнча кылмыш козголуп, 6-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерди жоопко тартууга уруксат берүү боюнча кайрылуу жөнөтүлгөн.

Кайрылууну кароонун жыйынтыгы менен тергөө тарабынан тиешелүү чечим чыгарылып, Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилери айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM