Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 11 айда 2801 өрт катталып, 33 адам каза тапкан

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 381 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү башкармалыгы 2021-жылдын 11 айында 2801 өрт катталганын маалымдады.

Быйыл өрт 2020-жылга салыштырмалуу 12,2%га көп катталган. Өрттүн кесепетинен 33 адам көз жумуп, 44 адам жабыркаган. Дагы 29 адамды, жалпы наркы 19 млрд 236 млн 638 миң сомдук буюм-тайым, ар кандай баалуу нерселерди сактап калышкан. 2801 өрттүн 1820сы жеке турак үйлөрдөн чыккан.

Катталган өрттүн 1133ү электр жабдууларын колдонуудан, 265и мешке от жагуудан, 188и балдардын оюнунан, 476сы абайсыздан болгон.

Аймактар боюнча алганда Чүй облусунда 705, Бишкек шаарында 454, Баткен облусунда 391, Жалал-Абад облусунда 387, Ош облусунда 295, Ысык-Көл облусунда 280, Нарын облусунда 117, Талас облусунда 92, Ош шаарында 80 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM