Биз менен байланышыңыз

Орусияда түрмөдөн өрт чыгып, бир айыпталуучу каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 492 | 0

Орусиянын Новгород облусундагы түрмөдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

Облустук өзгөчө кырдаал кызматы берген маалыматка караганда, Валдай шаарындагы №4 абактан чыккан өрттөн бир адам каза таап, дагы төрт адам түтүнгө уугуп калган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, 29 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Өрт биринчи кабаттагы камералардын биринен, керебеттин жанынан башталган. Ага чала өчкөн тамеки же электр жабдуулары себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM