Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулууга 10 миң, Мээримге 7 миң доллар берет

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2021 | 2869 | 0

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Ага ылайык, өз салмагы боюнча 1-орунду ээлеген Айсулуу Тыныбекова 10 миң, 2-орунду ээлеген Мээрим Жуманазарова 7 миң доллар менен сыйлана турган болду. Бул тууралуу Уюм расмий сайтына жарыялады.

Сайттан алынган маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова 136 упай топтоп, Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингине кирген бардык балбандар арасында лидер болду.

Ага Алматы шаарында өткөн Азия биринчилигинде төртүнчү жолу чемпион аталганы үчүн 18 упай, Польшада өткөн ачык турнирде да алтын медаль алганы үчүн 16 упай, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алганы үчүн 44 упай, Ослодо өткөн Дүйнө биринчилигинде экинчи жолу чемпион болгону үчүн 58 упай берилген.

Ал эми Мээрим Жуманазаровага Азия биринчилигинде чемпион болгону үчүн 18 упай, Польшада өткөн ачык турнирде коло медаль алганы үчүн 12 упай, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль алганы үчүн 26 упай, Ослодо өткөн Дүйнө биринчилигинде чемпион болгону үчүн 58 упай берилип, жалпы 114 упай топтогон.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категорияда рейтингдин сап башына чыккан АКШнын балбан кызы Тамира Менса Сток Мээримден 9 упайга (123 упай) көбүрөөк алган.

Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков 54 упай, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев 40 упай алып, экөө тең үчүнчү орунду ээлешкен.

Рейтингде биринчи орун алган балбандарга 10 миң, экинчи орун алган балбандарга 7 миң, үчүнчү орун алган балбандарга 3 миң доллардан акчалай сыйлык берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM