Биз менен байланышыңыз

Иманалиев менен Ажыматовдун айкели «Ынтымак» паркына орнотулат

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1144 | 0

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун айкели жасалып бүттү.

Эки акындын чыныгы досторчо маектешип отургандай элесин берген айкелди Америкада жүргөн Кылыч Кыргыз аттуу мекендешибиздин демилгеси менен Азамат Абдрахманов чеккен.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айкелди орнотуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынан жер сураганда, алар «Ынтымак» паркын сунушташкан.

Ал эми парктагы жайгашуу ордунун долбоорун архитектор Нурсейит Мамбетказиев комуз формасында чийип, руханий архитектуралык комплекс катары түзүп чыккан.

Эске салсак акын, КР эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында каза болгон. Ал эми акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов андан тогуз күн өткөндөн кийин, 29-апрелде 44 жашында дүйнө салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM