Биз менен байланышыңыз

Бердибеков: Текебаевге кол салды деп шектелгендер кечирим сурашты (видео)

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 2040 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектелип жаткандар кечирим сурап келишти. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Жыргалбек Бердибеков «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эрлан Бекчоро уулу: «Токмоктун депутаттары туура эмес кылдык деп, Текебаевден кечирим сурап келишти», — деп жазды.

Коомчулукта кол салууну уюштурууга шаардык кеңештин депутаттарынын катышы бар экени айтылууда.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектүү катары Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы.ны колго түшүрүлгөн, Текебаевдин телефону кайтарылган. ИИМ учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 2 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Текебаевге кол салган адамды ыкчам аныктоо, өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM