Биз менен байланышыңыз

Мектеп мугалимдери арасында баяндама жазуу сынагы жарыяланды

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1828 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесинин урматына мектеп мугалимдери арасында «Заманбап мектеп моделдери жана улуттук, гумандуу, демократиялык баалуулуктар» аттуу баяндама жазуу сынагы жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Сынакка өлкөнүн бардык аймагындагы мектеп директорлору жана мугалимдери катышса болот.

Баяндама кыргыз жана орус тилдеринде жазылып, Times New Roman арибинде 12-өлчөмдө терилүүгө тийиш. Ошол эле учурда 4 беттен кем болбоосу шарт.

Баяндаманын мазмуну темага дал келип, автордун тажрыйбасындагы баалуу идеялар, көз караштар камтылып, сунуштар берилүүсү керек. Тандап алуу комиссиясы өзгөчөлөнгөн идея, көз карашка, ишке ашырууга мүмкүн болгон сунушка артыкчылык берерин белгилешет уюштуруучулар.

Баяндамалар ушул жылдын 15-декабрына чейин meerimsun1987@mail.ru электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

Мыкты деп табылган илимий эмгектин авторлору 2022-жылдын 5-январында Орозали Сайдилкановдун 70 жылдык мааракесине арналып уюштурула турган конференцияга жолдомо алат. Сынактын жыйынтыгы ошол жерден чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

Сынакка келип түшкөн эмгектер кийинчерээк иргелип, өзүнчө китеп болуп басылып чыгат.

Кененирээк маалыматты 0 (558) 50-40-45 (ватсап да бар) номерине чалып билүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM