Биз менен байланышыңыз

Амангелдиев: Бизде азык-түлүк Тажикстан менен Өзбекстанга караганда арзан

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 787 | 0

Бааларга мамлекеттик көзөмөл киргизүү натыйжасын берип жатат. Укук коргоо органдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Азыр дары-дармектен тышкары 29 товарга, анын ичинде азык-түлүккө, бензинге өлкөнүн түздөн-түз көзөмөлү бар. Дүйнөлүк баа көтөрүлгөнү менен Кыргызстанда баалар туруктуу кармалып турат. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ЕАЭБге кирген мамлекеттерге, коңшу Тажикстан менен Өзбекстанга салыштырмалуу бензин менен азык-түлүк кыйла арзан.

Амангелдиев ошондой эле 2019-жылы пандемиядан кийин дары-дармектин жана тамак-аштын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин кошумчалады.

Дары-дармекке болгон баанын өсүшүнүн алдын алуу үчүн фарматцевтикалык компаниялар нарк салыгынан бошотулган. Муну менен 3 млрд сом бюжетке зыян келүүдө. Фармкомпаниялардын бааларын көзөмөлдөө боюнча укук коргоо органдары иш жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM