Биз менен байланышыңыз

UWW Awards: Жоламан менен Эрназар 3 миң доллардан сыйлык алышат

Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2021 | 573 | 0

Дүйнөлүк Күрөш Уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстандын балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев акчалай сыйлык алуучулардын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Уюмдун расмий сайтында маалымдалды.

Эрежеге ылайык, рейтингде биринчи орун алган балбанга 10 миң доллар, экинчи орун алган балбанга 7 миң доллар, үчүнчү орун алган балбанга 3 миң доллар акчалай байге ыйгарылат.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков 54 упай, эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев 40 упай алышып, үчүнчү орунду ээлешкен.

Уюмдун жыл рейтинги боюнча кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова менен 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова да сыйлык алуучулардын тизмесине кириши керек. Себеби Айсулуу өз салмагында биринчи орунда турса, Мээрим экинчи орунда турат. Бирок бул боюнча Уюм расмий маалымат бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM