Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Тийиштүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Чечимге ылайык, Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер калктуу конуштардын жерлери категориясына өткөрүлдү. Ал жер мурун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу категориясында болгон.
Финансы министрлигине республикалык бюджеттен бул жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, Министрлер кабинети жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыра турганын айткан.