Connect with us

Орусиянын «Биринчи каналы» «Поле чудес» көрсөтүүсүн жабат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 957 | 0

Орусиянын «Биринчи каналы» 1990-жылдан бери эфирге чыгып келген «Керемет талаа» (Поле чудес) капитал-шоу көрсөтүүсүн 2022-жылдан тарта эфирге чыгарбайт. Бул тууралуу каналдын маалымат бөлүмү билдиргенин «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалымат бөлүмдүн айтымында, буга «Биринчи каналдын» оюндарды каржылап келген «ВИД» компаниясы менен келишимди узарткысы келбегени себеп болууда. Анткен менен шоу көрсөтүүнүн өзөгү сакталып кала берет, ал «Биздин керемет талаа» (Наше поле чудес) деген ат менен жаңыланган форматта ишин улантат.

Бир канча өзгөрүүлөр менен чыга турган бул теледолбоордун алып баруучусу кайра эле Леонид Якубович болору белгилүү болду. Ал «Невские новости» басылмасына берген маегинде: «Отуз бир жылдык программа — бул албетте, узак, аны ордунан козгоо күнөө болбойт. Жаңы этап башталат, биз ага бай тажрыйба, ишибизге берилүү, көрүүчүнү сыйлоо менен киришебиз», — деп жооп берген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM