Биз менен байланышыңыз

400 жылдан кийинки эгемендик: Барбадос көз карандысыздыгын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 1127 | 0

Кариб деңизинин ортосундагы Барбадос аралы өзүн эгемен өлкө катары расмий жарыялады. Бул тууралуу www.ntv.com.tr сайты жазды.

Барбадос аралындагы өлкөнү 1627-жылы Англия басып алган. Колония катары жашап келген өлкө 1966-жылы эгемендик алган. Бирок толук бөлүнүп кетпестен, Улуу Британиянын асабасы астында иш жүргүзүп келишкен.

Барбадос өзүн эгемен мамлекет жарыялоосу менен дүйнөдөгү эң жаш республикага болуп калды. Сандра Мейсон өлкөнүн биринчи президенти катары Барбадостун борбору Бриджертаунда ант берди. Аны өткөн айда парламент Президент кылып дайындаган. 72 жаштагы Сандра Мейсон 2018-жылдан бери аралды генерал губернатор наамы менен жетектеп келген. Эгемендик салтанаты Британиянын королдук желегин түшүрүү, Барбадостун желегин көтөрүү менен коштолду.

Салтанатка Улуу Британиянын ханышасы Елизаветанын тун уулу, так мураскору Чарльз ханзаада да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM