Биз менен байланышыңыз

Путин: Кийинки мөөнөткө талапкер болуума Башмыйзам жол берет

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 2403 | 0

Орусия Башмыйзамына ылайык, кийинки мөөнөткө талапкер болууга укугум бар. Владимир Путин мындай пикирин «Орусия чакырат» инвестициялык форумунда сүйлөп жатып билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Орусия өлкө башчысы Владимир Путиндин пикиринде анын 2024-жылдан кийин да шайланууга конституциялык укук алуусунун өзү эле ички саясий кырдаалды калыпка салат.

«Башмыйзамга ылайык, кийинки мөөнөткө талапкер болууга укугум бар. Мен ага барамбы же жокпу, азырынча чече элекмин», — деди Путин.

Ал мындан тышкары кийинки мөөнөткө катышуу укугу жетиштүү экенин, бирок 2024-жылга чейин ким эмне болору белгисиздигин кошумчалаган.

Айта кетсек, бүгүн, 30-ноябрда «ВТБ Капитал» инвестициялык банкы жыл сайын уюштурган «Орусия чакырат» XIII инвестициялык форуму өтүп, ага Владимир Путин онлайн катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM