Connect with us

ТИМ: Кыргызстан Италиядан инвестор тартууга кызыкдар

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 334 | 0

Жаңы дайындалып жөнөтүлгөн Италиянын Кыргызстандагы элчиси Марко Албертинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыска убакыт сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы эл аралык келишимдерди мүмкүн болушунча тезирээк макулдашууну өтүндү. Ошондой эле ушул жылдын 21-24-ноябрында Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италия бизнес форумун эске салып, Италиядан Кыргызстанга инвестор тартууга кызыкдар экенин маалымдады.

Муну менен катар эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташуу маселелери талкууланып, БУУнун Башкы ассамблеясынын «2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө» резолюциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын демилгеси белгиленди.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM