Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Чет өлкөдөгү 59 шайлоо тилкесинен 9 826 жаран добуш берди

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 280 | 0

Кечээ, 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чет жердеги шайлоочулардын 9 826сы добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Добуш берүү күнүндө шайлоочу катары катталган 84 миң 128 жарандын 9 826сы, тагыраагы, 11,67%ы гана келген.

Тышкы иштер министрлиги шайлоо учурунда биометрикалык маалыматынын же консулдук каттоосунун жоктугунан добуш бере албай калган жарандар болгонун, ошондой эле добуш берүү боюнча жабдуулардын техникалык жактан аз убакытка бузулушуна байланышкан айрым учурлар катталганын айтат.

Айта кетсек, чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандары үчүн 29 мамлекетте 59 шайлоо тилкеси ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM