Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келе турган жарандарга милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 665 | 0

Министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө максатында Кыргызстанга кирүүчүлөргө милдеттүү ПЧР-тестти 1-декабрдан баштап талап кылат.

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкөгө кирүү үчүн эмделгенине карабай, милдеттүү түрдө коронавируска ПЧР-тест тапшырышы керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлиги omicron жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизмесин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго жаңы штаммга байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кетпеши үчүн толук даярдыкта туруу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму менен COVID-19 жаңы штаммы боюнча шашылыш кеңешме өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM