Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыктарына нааразычылыгыбызды билдирүү үчүн чыктык. Борбордук шайооо комиссиясы жыйынтыгын кайра карап чыксын. Мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
«Бул шайлоо Кыргызстандагы саясий кризиске чекит коюшу керек болчу, тескерисинче, тереңдетти» , — деди Текебаев.
Ошондой эле ал мыйзам чегинде толук күрөшө турганын кошумчалады.