Кыргызстанда алдыдагы 5 жыл ичинде ири саясий өнөктүктөр болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты.
«Биз бул мезгилде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер менен гана алек болушубуз кажет. Элибиз бизден азыр чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды талап кылууда. Бийликтин үч бутагы чогуу-чаран иш алып барып, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүн камсыздашыбыз зарыл. Ал үчүн жаңы шайланып келген парламенттин депутаттары менен жемиштүү кызматташып, албан-албан ийгиликтерге жетишебиз деген ишенимим чоң», — деди президент.
Садыр Жапаров шайлоого катышкан жана катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын таанууга чакырды. Ал Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керектигин эскертти.